super.kg logo
  Спорт  

U-23: Кыргызстандын курамасы Шри-Ланканы утуп, Азия Кубогуна жолдомо алды

 

Кыргызстандын U-23 футбол боюнча курама командасы Шри-Ланканын курамасын жеңди.

Беттеш 6:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө Марлен Мурзакматов 2 жолу гол киргизди.

Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө эң кооз голду Мерк Кими киргизди, андан соң Эрбол Абдужапаров жана Саид Датсиев гол жаратты. Ошентип оюн жыйынтыкталды.

Беттешти көрүүгө 11 775 адам келди. Күйөрмандар активдүү колдоп беришти.

Эске салсак, бул оюндар 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат. Кыргызстан Палестинаны 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми Өзбекстан менен 2:2 тең чыгуу менен оюн жыйынтыкталган.

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстан Шри-Ланканы жеңип Азия Кубогуна жолдомо алды.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.






Кыргызстан-Шри-Ланка беттеши: Кыргызстан курамасы жеңди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: