Чүйдө суудан табылган маркумдун өлүмүнө шектелип 53 жаштагы киши кармалды
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлда милицияга 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 18-июлда саат 13:00 чамасында Чүй районунда жашаган 41 жаштагы иниси Daimler-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин айткан. Факт каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери Алчалуу айылынын аймагынан дайынсыз жоголгон жаранга таандык унааны табышкан. Унаанын салонун кароодо кандын тактары табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринде изделип жаткан адам 53 жаштагы киши менен узак убакыттан бери касташып жүргөнү аныкталган. 18-июлда жүгөрү талаасында экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, мушташ учурунда шектүү аны бычактап өлтүрүп, маркумдун сөөгүн Чүй районунун аймагындагы Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген. Кийинчерээк сөөк табылып, суудан чыгарылган.
Облустук милиция төргөө иштери аяктап, сотук кароого жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

