Чүйдө стратегиялык маанидеги объект мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунун Казакстан менен Кыргызстан чектешкен аймагында жайгашкан стратегиялык мааниге ээ болгон объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.Такталгандай, “Аспара” дарыясынын башкы суу бөлүштүрүү пунктундагы кызматтык үй жана ага тиешелүү 2749,0 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга 38 900 сомго сатылып кеткендиги аныкталган.
Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында баасы 27,9 миллион сомду түзгөн жер тилкеси менен кызматтык үй мамлекеттин балансына кайтарылды.
Белгилей кетсек, аталган объект Чолок-Арык айылынын четинде жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















