Баткенде тоодогу өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө (фото)
Кечээ, 13-сентябрда саат 17:50дө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жерине саат 18:10до Баткен району боюнча ӨКБнын башчысы майор Ч. Жумакадыровдун жетектөөсүндө 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу жеке унаасында чыгышкан.
Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары Токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук ИИБнен 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган.
Тилсиз жоо 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.
Бүгүн, 14-сентябрь күнү тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылды.
Министрлик кошумча маалымат бериле турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















