Тизилген доллар... Камчыбек Ташиевдин атын жамынуу менен пара алгандар кармалышты
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, Ч.Б. аттуу жаранга кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убадалашып, андан 400 миң доллар алышкан.
Аталган факт боюнча Аскердик прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
24-июлда С.А. аттуу жаран кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Ошондой эле аталган кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкери А.Э.нин катыштыгы бар экени аныктлаган. Ал 130 долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн. Шектүүлөр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынышты.
Учурда кылмыштын баардык жагдайларын тактоо, ошондой эле аталган кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















