Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү суу каптоо боюнча мэриянын билдирүүсү
Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн оңдолгон бөлүгүндө суу түтүктөрүндөгү авариянын кесепетинен көчөнү суу каптады. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын бригадасы жеринде ыкчам иш алып барды. Диаметри 150 миллиметр болгон түтүк жабыркаган.
Авария Лев Толстой көчөсүнүн түштүк тарабындагы газондо болуп, жолдун үстүнкү катмары жабыркаган эмес. Учурда түтүктү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















