Бишкекте пайдаланууга берилбей жаткан эки көп кабаттуу үйдүн документтери ээлерине тапшырылды (видео)
15-сентябрда Бишкекте көп жылдан бери маселеси чечилбей келген, көп кабаттуу эки турак үйдүн документтери тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.Алар:
1. 7-кичи районундагы Сухэ-Батор көчөсүнүн 49/3, 48/2, 49/4 дарегинде жайгашкан жер астындагы унаа токтотуучу жайы жана соода багытындагы жайлары бар көп кабаттуу турак үй
2. Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсү, 10/1а дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй.
"Аталган объектилер курулуш компанияларынын айынан расмий пайдаланууга берилбей калган. Мындан улам документтер толук таризделбей, жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, документ иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген. Ошондой эле көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген", - деп белгиленет маалыматта.
Курулуш министринин тапшырмасы менен Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов турак үйлөрдүн жашоочуларына объектилерди пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актыларын тапшырды.
Бишкекте пайдаланууга берилбей жаткан эки көп кабаттуу үйдүн документтери ээлерине тапшырылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















