Агартуу министрлиги мектептерди жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылууда
Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу ишти улантууда.
Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 744 миллион сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда. Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, иш дептеринен жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.
Быйыл 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча 2 780 020 нускада жаңы окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат. Ушул тапта “Учкун” ААКсынын басмаканасында 1-класстар үчүн “Математика” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекс 295 880 нускада басылууда. Басылып чыккан китептердин алгачкы партиясы (57 970 нуска) Бишкек шаарындагы мектептерге жеткирилет.
Жаңы муундагы “Математика” окуу-методикалык комплекстери жаңыланган мамлекеттик предметтик стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Алар башталгыч класстардын окуучуларында математикалык билимдин бекем пайдубалын түзүүгө багытталган. Окуу китептерин жана иш дептерлерин даярдоодо балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрү эске алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















