super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Reuters: Вашингтон Украинаны курал-жарак менен камсыздоону баштады

 

Reuters агенттиги Вашингтон Украинага курал-жарак жеткирүүнү жаңы каржылык келишимдин негизинде кайрадан баштаганын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинага жаңы форматтагы курал-жарак жеткирүүнү биринчи жолу колдоду. Маалыматка ылайык, ар бири 500 миллион долларлык эки аскердик жардам пакети кабыл алынып, жакын арада Украинага жөнөтүлөт.

Бирок Трамп бул жардам АКШнын бюджети эмес, НАТОнун мүчө өлкөлөрү тарабынан каржыланышы керек деп талап кылган. Агенттик жазгандай, АКШнын коргоо министринин саясий иштер боюнча орун басары Элбриж Колби бул эки курал пакети боюнча расмий макулдугун берген.

Бул курал-жарак жеткирүү процесси АКШ жана анын союздаштары тарабынан иштелип чыккан жаңы механизмдин, тагыраагы, "Украинанын артыкчылыктуу муктаждыктар тизмеси" алкагында жүзөгө ашырылат.

Аталган механизмдин өзгөчөлүгү курал АКШнын кампаларынан жөнөтүлөт, бирок каржылоо милдети НАТО өлкөлөрүнө жүктөлөт.

2025-жылдын август айында Financial Times гезити Украина президенти Владимир Зеленский АКШдан коопсуздук кепилдигин алуу үчүн 100 миллиард долларлык келишим сунуштаганын жазган. Бул сунуш боюнча, эгер Вашингтон Украинага коопсуздукту кепилдесе, Киев АКШдан 100 миллиард долларга курал сатып алууга даяр, ал эми бул сумма Европа өлкөлөрү тарабынан каржыланмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: