Германия канцлери Путинди Европаны туруксуздаштырып жатат деп айыптады
Германиянын канцлери Фридрих Мерц кечээ, 17-сентябрда Бундестагда сүйлөп жатып, Орусия президенти Владимир Путинди Европада атайылап башаламандык жаратууда деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, ал Украинадагы согуштун Европа Биримдигине жана НАТОго түздөн-түз таасир берип жатканын белгилеп, Украинанын көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүнөн баш тартууга болбой турганын айтты.
Мерц Украина Москванын алдында багынып бербеши керектигин эскертип, Германия өкмөтү эркиндикти коргоп, элдин тынчтыгын камсыздап, коомдук биримдикти бекемдей турганын убада кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















