super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Америкалык рэпер киши колдуу болгон украиналык кызга клип тартып, окуянын соңун өзгөрттү (видео)

 

Белгилүү америкалык рэпер DaBaby киши колдуу болгон украиналык Ирина Заруцкаяга арналган "Save Me" ("Мени сакта") ырынын клибин жарыялады. Клипте ошол каргашалуу күндөгү окуя чагылдырылат.

DaBaby (чыныгы аты Жонатан Линдейл Кирк) клипти өзүнүн YouTube каналына чыгарды. Видео АКШда кадимки бир күнү бычактан каза болгон Иринанын окуясы тууралуу кыскача баяндоо менен башталат.

Клиптин жаратуучулары метродогу кырдаалды так чагылдырууну чечишкен. Бул үчүн алар күбөлөргө, жабырлануучуга жана кылмышкерге окшош актёрлорду тандашкан.

Бирок алар окуянын аягын өзгөртүшкөн. Тагыраагы, кылмышкер кызга кол салганы жатканда, жанында отурган рэпер анын колунан кармап, токтотуп калат.

Эске салсак, 22-август күнү Түндүк Каролина штатындагы метродо өлтүрүлгөн. Видеожазууда качкын кызга эч себепсиз артынан бычак менен кол салганы көрүнөт. Ал эми кылмышка айыпталып 34 жаштагы Декларос Браун аттуу жаран кармалган. Ал 2011-жылдан бери 14 жолу камакка алынган.






Америкалык рэпер киши колдуу болгон украиналык кызга клип тартып, окуянын соңун өзгөрттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: