Трамп америкалык аскерлерди Ооганстанга кайра киргизүүнү пландап жатканын айтты
Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы Баграм авиабазасын кайтарып алуу аракетин көрөрүн АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.
"Биз дүйнөдөгү эң чоң Баграм авиабазасын сактап калабыз. Биз аны жөн гана берип койгонбуз. Баса, аны кайтарып алууга аракет кылып жатабыз. Бул бир аз сенсация болушу мүмкүн", - деди Трамп кечээ, 18-сентябрда Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргелешкен маалымат жыйынында.
Эске салсак, АКШ Ооганстандан аскерлерин 2021-жылдын күзүндө, Жо Байден президент болуп турганда чыгарып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















