super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Каир музейинен жоголгон фараондун алтын билериги эритилип, башка буюмга айланган

 

Египеттин Каир шаарындагы музейден жоголгон фараондун алтын билериги сатылып, андан кийин эритилип башка буюмга айланган. Бул тууралуу египеттик басылмалар жазышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, билерикти музейдин реставрация кызматкери уурдап, андан соң Каирдеги күмүш соодагерине саткан. Соодагер билерикти 180 миң египет фунтуна (3750 доллар) алтын устаканасынын ээсине өткөрүп берген. Ал эми устакананын ээси билерикти 194 миң фунтка (4000 доллар) алтын куюучу жайдын жумушчуcуна сатып, жумушчу аны башка зер буюмдар менен кошо эритип, жаңы буюмга айландырган.

Шектүүлөр кармалып, күнөөлөрүн моюнуна алышты. Уурдалган билериктин сатылышынан түшкөн каражат кайтарылган.

Эске салсак, буга чейин Египет музейинин реставрация бөлүмүндөгү темир сейфтен Байыркы Египет дооруна таандык алтын билерик жоголгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: