Гүлчө айылына шаар статусу берилиши мүмкүн
Министрлер кабинети Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүңдө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизди.
Документте белгиленгендей, айыл аймактын курамында 12 айыл бар. Калкынын саны 22 566 адамды түзөт. Алай районунун бардык мекеме-ишканалары Гүлчө айылында жайгашкан. Ал жакта Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Гүлчө айыл өкмөтү, УКМКнын райондук бөлүмчөсү, аскер бөлүгү, прокуратура, сот, Социалдык фонд жана башка министрликтердин, ведомстволордун райондук бөлүмдөрү, банктар жана стадиондор бар.
Айылда 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, 5 бала бакча бар. 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, жолдорунун 63 пайызына асфальт төшөлгөн.
Белгилей кетсек, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан.
Маалымат үчүн: Мыйзамга ылайык, администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмү өнүккөн, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















