super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Суунун көлөмү аз". Энергетика министри быйыл Кыргызстанда кыш оор болорун билдирди

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" подкастына интервью берип, быйылкы кыш өлкө үчүн эң оор болорун билдирди.

"Быйыл кыш эң оор болот. Себеби мурдагы жылдарга караганда суунун көлөмүнүн аздыгы 1,6 миллиард кубду түзөт. Былтыр 12,4 миллиард суу топтолгондо эле аз деп айтканбыз. Быйыл андан дагы 1,6 миллард куб метрге аз. Бул деген ошол өлчөмдө электр энергиясы аз иштелип чыгат дегенди билдирет. Жаратылыш эч нерсе кыла албайт экен, былтыр 107 пайыз жаан жааса, быйыл 92 пайыз жаан жаады. Бул коңшу өлкөлөрдө да байкалууда", - деди министр.

Ал Кыргызстан 2028-жылы энергетикалык кризистен чыга турганын кошумчалады.

Министрдин айтымында, учурда өлкөдө өндүрүш өсүп, электр энергияны керектөө 18 миллард киловатт-саатка жетти. Анын 3-4 миллиард киловатт-сааты сырттан импорттолот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: