Дене тарбия жана спорт департаментиндеги коррупциялык схеманын бети ачылды
Дене тарбия жана спорт департаментинин (учурда мамлекеттик агенттик) жетекчилери катышкан коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аталган департаменттин директорунун орун басары Т.С. жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси А.Р. 2023-жылы "Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору" мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алышканын белгиледи.
Алар бул иште "Ф" ЖЧКнын аффилирленген фирмасын 30 миллион сом суммасында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тартышкан. Ал жерде макулдашуу талап кылынган стандарттарга ылайык келбеген бааларды жогорулатуу менен жабдуулардын тизмесин жана аталыштарын өзгөртүү орун алган.
Натыйжада сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес жана максатына жараша пайдаланылбай, кампада сакталып турган. Мында жогорулатылган баалардын айырмасы боюнча гана мамлекеттин бюджетине 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү (Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун) менен департамент директорунун орун басар, мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси жана аталган компаниянын директору кармалды.
Дене тарбия жана спорт департаментиндеги коррупциялык схеманын бети ачылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















