VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына жаңы оюндар кирип жатканы айтылды
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурсултан Аденов "Кабар" агенттигине берген маегинде көчмөндөр оюндарына жаңы оюндар кирип жатканын билдирди.
Ал бурят элинин кол менен сөөк сындыруу оюну кошулуп жатканын айтып, ал оюнга кызыгуулар көп болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле татар элинин күрөшү да кирип жатканын кошумчалады.
"Бул жакта жалаң эле кыргыз элинин оюндарын жарнама кылбастан, чет өлкөлөрдүн улуттук оюндар федерациялары менен иштешип, алардын оюндарын да кошуп жатабыз", - деди Аденов.
Айта кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынына жаңы оюндар кирип жатканы айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















