Бишкектик параармрестчилер Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишти

10–23-сентябрь аралыгында Болгариянын Албена шаарында параармрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунун 27-жолку турнири өтүп жатат. Бул мелдеш дүйнөлүк спорт календарынын маанилүү иш-чараларынын бири болуп саналат.
Мэриядан билдиришкендей, мелдешке теннис, паралимпиада жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетишти:
- Бекбоосун Токтосун уулу — Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң жетишкендикке жетип, чоңдор арасында кыймыл аппараты бузулган спортчулардын 60 килограммга чейинки салмак ченинде (сол кол) 1-орунду ээледи.
- Эрлан Камчыбек уулу — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (сол кол) 3-орунду ээледи.
17-сентябрда мелдештер оң кол боюнча улантылып, кыргыз спортчулары дагы бир ирет байгелүү орундарды камсыздашты:
- Бекбоосун Токтосун уулу — кыймыл аппараты бузулган чоңдор арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (оң кол) 3-орун.
- Эрлан Камчыбек уулу — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (оң кол) 3-орун.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















