super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Бишкекте өз тармагында ийгилик жараткан ишкерлер сыйланды (сүрөт, видео)

 

Бүгүн, 19-сентябрда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ишкерлер күнү жана 25-жылдык мааракеге байланышкан салтанаттуу иш-чарага катышты.

Төрөбаев анда акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча – ИДП ар бир жылы 9 пайыздан төмөн эмес темпте өсүп жатканын, ал эми 2025-жылы экономиканын ар бир айдагы өсүшү 11,5 пайыз деңгээлинде болуп, ошол эле убакта инфляциянын базалык деңгээли 14 пайыздан 4,7 пайызга чейин төмөндөгөнүн билдирди.

Курулуш тармагындагы өсүш – 42 пайызды көрсөтүп, өнөр жайдагы өсүш – 10 пайыз деңгээлинде. Учурда жылына “100 өнөр жай объекттерин” ачуу салтка айланууда. Эгемендик күнүнө карата 76 ишкана ишке киргизилди, жылдын аягына чейин 134 өнөр жай объекттери ачылат деп турабыз. Бүгүнкү күндө өлкөдө 460 миңден ашык чакан жана орто ишкердик субъекттери катталган. Мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоо максатында 2022–2025-жылдары “Кичи, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо”, “Айыл чарбасын каржылоо-12-13” сыяктуу чакан жана орто ишкерлерге багытталган жеңилдетилген насыялоо долбоорлору ишке ашырылууда.

Министрлер кабинети өз саясатын бизнес менен диалогго негиздейт. Мамлекеттин, ишкерлердин жана коомдун биргелешкен иши аркылуу гана биз Кыргызстандын экономикасын туруктуу, инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү кыла алабыз. Майрамыңыздар куттуу болсун”, – деди Төрөбаев.

Өлкө креативдүү экономиканы жана санарип секторду өнүктүрүп жатканы да айтылды. Маселен, 2023-жылы Креативдүү индустриялар паркы ишин баштаган. Анда бүгүнкү күнгө карата анын резиденттери катары дизайн, IT, анимация, музыка жана кино тармактарында иш алып барган 110 компания жана ишкер катталган. Ошондой эле Жогорку технологиялар паркындагы ийгиликтер белгиленип, 2024-жылы анын резиденттери 477 компанияны түзгөн.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, иш-чаранын соңунда өз тармагында ийгилик жараткан ишкерлерге мамлекеттик жана ведомстволук органдардын сыйлыктары тапшырылды.






Айыл чарба министрлиги

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: