Ашууларда кар жаап жатат: Айдоочуларга дөңгөлөктү алмаштырып, чынжыр менен камсыз болуу эскертилди

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу аймагында жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришкендей, учурда атайын жол тазалоочу техникалар тартылып, жолдор кардан тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
Жолчулар күнү-түнү кезметте болуп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоодо. Каттам азырынча ачык жана туруктуу.
Ошондой эле Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун ашуусунда да кар жаап, жолчулар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайы, Кубакы, Долон, Кызыл-Бел, Түз-Бел, Чар жана Ак-Бейит ашууларында кар жааган жок. Бул аймактардагы жолдор ачык жана каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Айдоочуларга кышка даярдык катары дөңгөлөктөрүн алдын ала алмаштырып, коопсуздук максатында чынжырларды өзүлөрү менен ала жүрүүсү сунушталат.
Жол абалы тууралуу маалыматты алдын ала билүү жана жолдо этият болуу бардык айдоочулар үчүн маанилүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















