Ысык-Көлгө 1,2 миллион даана карп-сазан чабагы коё берилди
Кечээ, 18-сентябрда Балык өнөр жай комплекси департаментинин Регионалдык акклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү тарабынан Ысык-Көл көлүнүн №7, 9 жана 13 балык уулоочу участокторуна салмагы 30–35 грамм болгон 1,2 миллион даана карп-сазан чабактары коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүп, көлдөгү балык ресурстарын сактап калууга жана көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Чабактарды коё берүү экосистеманын калыбына келишине, биологиялык ар түрдүүлүктүн өсүшүнө жана региондун балык чарбачылык базасын бекемдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары Ысык-Көлгө балык чабактарын үзгүлтүксүз коё берүү келечекте балык уулоо көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга жана балык чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















