Түптө Токтоян–Сары-Тологой унаа жолу асфальтталды
Түп районунда бир нече унаа жолдорду асфальттоо иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Михайловка–Николаевка–Токтоян–Сары-Тологой унаа жолунун 7 чакырым аралыгына (19–26-чакырым) асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Өткөн жылы бул жолдун 6,6 чакырым асфальтталган. Ошондой эле Каркыра–Турук–Сары-Жаз жолунун 13–16-чакырым аралыгына асфальт басуу иштери бүткөрүлдү.
Мындан тышкары Долон–Кош-Дөбө унаа жолундагы көпүрөнүн курулушу уланууда. Учурда кɵпүрɵнүн тирɵɵчтɵрүн орнотууга жээктери бекемделүүдө.
Жол иштери №4 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Азыркы тапта шагыл жолдорду жана жайлоого кеткен жолдорду убактылуу кароо, жаандан кийинки сүрүп-тегиздөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















