"Учкун" ишканасында унааларга мамлекеттик номурлар жасалып чыгарыла баштады
1-октябрдан тартып "Учкун" ишканасы тарабынан жасалган жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөр бериле баштайт. Жаңы документтер күчөтүлгөн коргоо деңгээли менен заманбап технологиялар аркылуу даярдалып жаткандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.Ал кошумчалагандай, мамлекет эми унаалардын номурларын да чыгарууну колго алды.
"Бүнкү күнгө чейин унаанын мамлекеттик номурлары өлкөдө жасалчу эмес. Орусиядан келип турган. Бирок Кыргызстанда штамб басылчу. Паспорт, унаа күбөлүгү, китептерди жеке тараптар чыгарып келген. Президенттин жардамы менен мыкты станоктор алынып келип, система орнотулду. Техпаспорт, күбөлүк, номурга чейин "Учкун" ишканасында мамлекет тарабынан чыгарыла баштады", - деди Туманбаев.
Иш башкармалыгынын башчысы "Унаа" ишканасы алардын карамагына өткөндүгүн кошумчалап, филиалдардагы кезекке туруу, документтерди жасалмалоо боюнча маселелер алдыда тургандыгын билдирди.
"Учкун" ишканасында унааларга мамлекттик номурларлар жасалып чыга баштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















