Каалаган жерде добуш берүү, жеринде басылган бюллетень. Жогорку Кеңешке шайлоодогу өзгөчөлүктөр
Жогорку Кеңешке боло турган шайлоодо жарандар өзү катталган жеринен тышкары, алар үчүн ыңгайлуу болгон каалаган шайлоо участкасында добуш бере алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жарандар аэропортто же базарда жайгашкан участкаларга да келип добуш бере алышат.
"Биз “Манас” жана “Ош” аэропортторунда, ошондой эле ири автовокзалдар менен базарлардын аймагында добуш берүү тилкелерин ачууну пландап жатабыз. Эгер сиз каттоодо башка аймакта болсоңуз, мисалы, Бишкекте жүрсөңүз, ошол жерден эле добуш бере аласыз. Принтер менен жабдылган идентификациялык түзмөк сизге округуңуздагы талапкерлердин аты-жөнү көрсөтүлгөн бюллетень чыгарып берет", - деди Жупуева.
Ал ошондой эле эми бюллетендер шайлоо тилкелеринде басылып чыгарылат. Бул ыкма ашыкча бюллетендерди чыгарып жиберүү тобокелдигин жоёт жана чыгашаларды азайтат.
Жупуеванын айтымында, шайлоочу бюллетендеги талапкерлердин ичинен бир гана адамга добуш бере алат. Эгер шайлоочу бир нече талапкерге белги койсо, бюллетень жараксыз деп табылат.
Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 30у көп мандаттуу округдан шайланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















