ӨКМдин куткаруучулары ооганстандык туристтерге жардам берди (видео)
ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынан ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү.Министрликтин маалымат борбору билдиргендей, чет элдик эс алуучулар 20-августта капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири бутун кокустатып алып, “112” кызматына маалымат билдирди. Жардам берүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен чыгып, алгачкы медициналык жардамын көрсөтүшкөн. Учурда абалы канааттандырарлык.
Белгиленгендей, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ала-Арча паркына куткаруучулардан нөөмөтчүлөр коюлган.
ӨКМдин куткаруучулары ооганстандык туристтерге жардам берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















