super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сирияда Асаддын режими кулатылгандан кийин биринчи жолу парламенттик шайлоо өткөрүлөт

 

Сириядагы жаңы бийлик 5-октябрда Башар Асаддын режимин кулагандан кийинки алгачкы парламенттик шайлоону өткөрөт. Бул тууралуу 21-сентябрда Сириянын SANA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Шайлоодо 210 мүчөдөн турган Элдик жыйындын 140 мүчөсү шайланат, ал эми калган 70 депутатты президент Ахмед аш-Шараа дайындайт.

Шайлоо өлкөнүн бардык шайлоо аймактарында өтөт деп күтүлүүдө. Мурда шайлоо комиссиясы коопсуздук маселелери боюнча Эс-Сувейда провинциясындагы, ошондой эле күрддөрдүн көзөмөлүндөгү Эль-Хасака жана Эль-Ракка провинцияларындагы добуш берүүнү жылдыруу мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңы парламент Сириядагы кеңири демократиялык процесстин негизи болот деп күтүлүүдө. Бирок адистер азыркы систем азчылыктардын катышуусун камсыздай албай турганын айтышууда. Бирок трансформациялык мезгилде парламент жаңы мыйзамдарды кабыл алууга жана өлкөнүн туруктуу Конституциясын түзүүгө көмөктөшөт.

Башар Асад 2024-жылдын 8-декабрында куралдуу оппозиция Дамаскка киргенден кийин президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Асаддын тушунда шайлоолор адатта бурмаланып, диктатордун партиясы жеңип чыккан. Сириялык оппозиция жана Батыш өлкөлөрү шайлоолордун жыйынтыгын тааныган эмес.

2025-жылдын март айында аш-Шараа өткөөл мезгилге конституциялык декларацияга кол коюп, шайлоодон кийинки парламенттин мөөнөтү үч жыл деп белгиленди. Элдик жыйын мамлекет башчысынын кызматтан алынышын же укугун чектей алат.

Буга чейин 2025-жылдын сентябрында шайлоо өтөрү пландалып, бирок аш-Шараа шайлоону бир нече жылга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн да караган. Анын себеби катары калкты каттоо жана жаңы Конституцияны даярдоо көрсөтүлгөн.

Сирия бийлигинин позициясы АКШ жана Евробиримдиктин санкциялык басымы азайгандан кийин өзгөргөн болушу мүмкүн. Евробиримдик 2025-жылдын февраль-март айларында, ал эми Вашингтон июнь айында санкцияларды жеңилдеткен. Июлда АКШ "Хайят Тахрир аш-Шамды" уюмун террорчул уюмдар тизмесинен чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: