БШК: "Кыргыз жарандары аралыктан добуш бере алышат"
Кыргызстандын жарандары шайлоодо эми аралыктан добуш бере алышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.Шайлоо мыйзамдарына кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда ошол катталган шайлоо участогунда гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт.
Чет өлкөдө жашаган же жүргөн кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында шайлоо процесстерине катышуу үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
"Мындан тышкары, айрым жарандарыбыз Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелер аркылуу жарандык паспортун алууда учурда жашап жаткан жериндеги дарекке каттоого туруп койгон. Онлайн идентификациялоо маалымат тутумунда катталган дареги жок болсо жана өлкө чегинен тышкары дарек көрсөтүлгөн учурда, маалымат тутумду тестирлөөдө шайлоо бюллетени басып чыгарылбай же бош калууда.
Ошондуктан БШК жарандарыбызга аралыктан добуш берүүсүн камсыздоо максатында чет өлкөдө паспорт алууда чет элдик каттоо даректерин көрсөткөн учурларда, каттоо дарегин Кыргызстандын аймагындагы даректерге алмаштырууну сунуштайт",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















