Ким Чен Ын: "АКШ менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок өзөктүк куралдан баш тартпайбыз"
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ анын өлкөсүнөн өзөктүк куралдан баш тартууну талап кылууну токтотсо, сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Ал өзөктүк арсеналды санкцияларды жеңилдетүүгө алмаштырбай турганын, бул өлкө коопсуздугу үчүн "жашоо же өлүм" маселеси экенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Ким Вашингтон менен Сеулдун диалог баштоо аракеттерин "эки жүздүүлүк" деп атап, Түштүктүн өзөктүк программасын баскычтап токтотуу сунушу муну тастыктарын кошумчалады. Ал АКШ жана союздаштары Түндүк Корея режимин алсыратууну көздөп жатат деп билдирди.
Түндүк Корея БУУнун санкцияларына карабастан өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарды өнүктүрүүнү улантууда. Түштүк Корея президенти Ли Чжэ Мён санкциялар Пхеньянды токтото албаганын айтып, ал жыл сайын 15-20 өзөктүк курал кошуп жатканын белгиледи.
Эске салсак, АКШ 2024-жылдын декабрында Түндүк Кореяга жана Орусияга жаңы санкцияларды киргизген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















