Илон Маск Трамп менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады
Америкалык ишкер Илон Маск АКШ президенти Дональд Трамп менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул сүрөт Аризона штатындагы State Farm спорт аренасында тартылган, ал жерде саясатчы жана активист Чарли Киркти эскерүү аземи өттү. Маск сүрөттү "Чарли үчүн" деген жазуу менен социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Иш-чаранын түз эфиринен көрүнүп тургандай, Трамп менен Маск сүйлөшкөндөн кийин бири-бирине кол беришип, андан соң Маск трибунадан түшүп кеткен.
Мындан тышкары, ушундай эле сүрөт жана билдирүү Ак үйдүн расмий баракчасында да жарыяланды.
Трамп менен Маск мурда достук мамиледе болушкан. Маск менен Трамптын ортосундагы чыңалуу Масктын Өкмөттүн эффективдүүлүк департаментинин башчылыгынан кетишинен кийин күчөгөн. Маск Трамп сунуштаган бюджет жана салык жеңилдиктерин узартуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан. Ал мыйзам АКШнын мамлекеттик карызын ого бетер көбөйтөт деп эсептей турганын билдирген.
5-июнда Маск жана Трамп социалдык тармактарда ачык кайым айтыша кетишкен. Маск өз билдирүүлөрүн X социалдык тармагында, ал эми АКШнын президенти болсо Truth Social тармагында жазган.
Маск анын жардамы болбосо Трамп шайлоодо утулмак деген да билдирүү калтырган. Трамп Маскты "акылынан адашкан" деп атап, анын SpaceX жана Starlink космостук долбоорлорун каржылоону токтото турганын айтып коркуткан. Илон Маск мунун жообу катары Трампка импичмент жарыялоону талап кылып, аны сексуалдык кылмыштар үчүн айыпталган финансист Жеффри Эпштейндин ишине байланышы бар экенин кыйыткан. Кийинчерээк миллиардер бул билдирүүсүн өчүргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















