Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси Алайкууда белгиленди (фото)
Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси акындын туулган жери - Алайкуу өрөөнүндө салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, илимпоздор, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар жана айыл тургундары катышты.
Мааракеде улуу акындын чыгармачылыгы, улуттук адабияттагы орду жана элине калтырган мурасы кеңири чагылдырылды. Ошондой эле ат чабыш, кыз куумай, эр эңиш, көк бөрү, тогуз коргоол, күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.
Катышуучулар Сооронбай Жусуевдин өмүр жолу менен чыгармачылыгы жаш муундарды мекенчилдикке, адеп-ахлакка жана улуттук баалуулуктарды ыйык тутууга үндөрүн белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















