Кочкордогу стадиондун ири реконструкциясы башталды
Курулуш министрлиги маалымдагандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусунда бир катар маанилүү социалдык объекттердин курулушу ыкчам түрдө башталды. Алардын ичинде Кочкор районундагы эски борбордук стадиондун реконструкциясы бар.
Маалыматка ылайык, 21-сентябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев тапшырмага ылайык, Нарын облусуна иш сапары менен барып, жүрүп жаткан иштердин абалы менен жеринде таанышты.
Иш сапардын алкагында Орунтаев Кочкор районундагы эски борбордук стадиондун жайгашкан аймагын кыдырып, реконструкция боюнча жаңы долбоордун аткарылышы менен таанышып чыкты. Министр объект өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин жана бул маселе өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.
Стадион ири реконструкциядан кийин, райондогу жаштар жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө чоң түрткү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















