super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Сания Мариям курбусун узатып коюп, үйүнө жөнөдү. Такси чакырайын деп барып кайра айнып кетти. Үйүнө чейин жөө эле баса турган болду. Көңүлү ачылып кеткенсиди. Адатта айрым адамдар кээде башкаларда да чечилбей турган маселе бар экенин билгенде кубанып кетет эмеспи. Ошол сыяктуу бир сезим каптады. Албетте, Мариямга ичи ачышты, бирок Акбарга “сооп болду” дегендей табасы кана кетип бара жатты. Үйүнө кирип телефон чукулап отурган күйөөсү Марска шаңк эте үн катты.

– Бүгүн эмне болду билесиңби?

Тиги башын чайкады. Ушунчалык кайдыгер көздөрүнөн кубанычы да кайдадыр учуп кеткендей болду. “Дайыма ушундай, ачыбаган камырдай болуп турганы турган” деди ичинен жини келип.

– Бомба жарылыптыр!

– Эмне бомба?

– Мариям Акбардын ашыгы тууралуу билиптир. Наконец-то...

– А сен эмне мынча ага кубанып жатасың? Мариям үчүн делдектеп чуркап жүрдүң эле го.

– Анткени курбумдун көзү ачылды. Билди, Акбар деген андай деле периште эмес экенин, ал дагы балчыкка балч этип отуруп кала турганын... Болбосо анын этегине намаз окуганы эле калды эле.

– Сага эмне?

– Эмне мага эмне?

– Ал күйөөсүнүн этегине намаз окуйбу же башкабы, сага ысык-суугу барбы?

– Эй, барчы ары. Сени менен сүйлөшкөнчө уй менен мөөрөшкөн жакшы. Эч нерсени түшүнбөйсүң.

– Эмнени түшүнүшүм керек эле өзү?

Сания колун шилтеп, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Күйөөсү ийинин куушуруп кала берди. Саниянын көзүнө Акбардын бечара кебетеси элестеп, “сениби, шашпа, дагы далайды көрөсүң” деп маашырлана жылмайып койду.

ххх

Ушундай болду. Сания айткандай чын эле бир бомбанын үстүндө отургандай абал пайда болду. Ал бир үй-бүлөнүн баш оорусу болуп жатканынан Айкөлдүн кабары жок болчу. Ал Акбардын жашоосуна кирейин деген деле ою жок эле. Бирок жалгыз калганда ийинин тоскон, жардам көрсөткөн жалгыз ошол адам болду. Күндө келет бейтапканага. Сүйлөп деле жибербейт. Ушундай мээримдүү карайт да турат. Айкөлдүн жаралуу жүрөгү ушул адамдын көз карашы менен айыгып бараткандай сезилди. Куду сазда чөгүп бара жатканда колунан тартып чыгарып кеткендей болду. Адатта чоочун адамдарга көнө албай, өз дүйнөсүнө бирөөнү киргизүү кыйын эле. Бирок күн сайын Акбардын камкордугу жан дүйнөсүнүн эшигин сурабай эле ачып кирип бара жатты. Эми да терезеден анын врач менен сүйлөшүп жатканын көрүп, ууртунан жылмайып койду. Өзүнүн ден соолугуна ушунча карап жатканына ыраазы болду. Эшикке чыгып, аны көздөй басты.

– Кандайсыз?

– Жакшымын, сен да жакшы экенсиң,- деди жылмайган Акбар.

– Кайдан билдиңиз?

– Врач менен сүйлөштүм, “ден соолугунда эч бир маселе калбады” деди.

– Бир ай жакшы карашты, ыраазы болдум. Азыр мындай өз ишин жакшы билген дарыгерлер аз го. Чын эле жакшы сезип калдым өзүмдү.

– Баары нормага түштү деди. Отуралыбы, бир аз...

Бак-дарактын далдоосундагы скамейка жакка басты Акбар. Аны өз алдынча жоруду Айкөл.

– Коркпоңуз, эч ким деле көрбөсө керек.

– Эмнеден корком?

Айкөл аны тике карады. Акбар кайрадан бул сулуу көздөрдүн туткунунда калды.

– Ушул жашымда бир кыздын көз карашынан ушунчалык толкунданам, сүрдөйм деп эч ойлогон эмесмин.

– Жашырганда эмне, мен да ойлогон эмесмин. Тагдыр деген ушул экен. Кылбайм дегениңди кылдырып коёт тура. Мындан ары эмне болорун да билбейм,- деди улутунган Айкөл.

– Баары жакшы болот.

– Мен акылсыз адам эмесмин, баарын билип, сезип турам. Мени көргөндөн тартып сиздин көңүлүңүздө экенимди билем. Айдар кырсыкка кабылган күнү да кандайдыр бир себептер менен жанымда болуп калдыңыз. Кийин да айылга аркамдан барып жүрдүңүз. Бардык мамиленин аты болот эмеспи, сиз экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин да атын коё албай келе жатам. Сизди алигиче эмне деп айтарымды билбейм.

– Акылсыз эмессиң. Ошол үчүн сага байланып калдым. Мен көп сулуу аялдарды көрдүм, Айкөл. Бирок сендей эч ким жүрөгүмө жазылып калганы болбоду, болбойт дагы. Чынын айтсам, бул сезимдин атын мен да билбейм. Жашоомдо биринчи жолу башымдан өткөрүп турам. Байландым. Эч кимге, эч нерсеге карабай... Ыйык делген бардык нерселеримди аттап өткөнчөлүк байландым сага. Айрымдар жиндилик, көпкөндүк, акылсыздык дешет. Бирок сен менин ичимдеги таза сезимдеримди көр. Бил. Буга көздүн эмес, көкүрөктүн көзү керек. Мага ошол жетет.

Уландысын шилтеме аркылуу кирип окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: