Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт
25-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, таза суу "Северный" суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү. Анын ичинде "Красный строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын бешик", "Салам Алик" конуштары жана Маевка айылы бар.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















