Ош шаарынын 3025 жылдыгына карата видео сынак! Байге фонду 250 миң сом
Ош шаарынын мэриясы шаардын 3025 жылдыгына карата жана Кокон Хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына арналган "Алымбек датка Асан бий уулу" жөнүндө кыска метраждуу тарыхый видео-роликтерге сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.Сынактын максаты - кыргыз элинин XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, дипломат жана айкөл инсан Алымбек датканын тарыхый мурасын жаш муундарга таанытуу. Анын эл-жер үчүн жасаган эрдигин, акылмандыгын, эл аралык мамилелерди жөнгө салуудагы саясий чеберчилигин көркөм жана даректүү ыкмада чагылдыруу. Тарыхый баалуулуктарды сактап, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдикти чыңдоо. Жаштарды улуттук баатырлардын өмүр жолу аркылуу тарбиялоо жана патриоттук рухту көтөрүү.
Видео-роликте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- Алымбек датканын өмүр баянын жана тарыхый ролун көрсөтүү;
- Тарыхый инсандын элге, мамлекетке кошкон салымын даңазалоо;
- Анын мамлекетти башкаруудагы акылмандыгын жана дипломатиялык өнөрүн көрсөтүү;
- Жаш муундарга тарыхый инсандын өрнөктүү өмүрүн үлгү кылуу;
- Элдин патриоттук рухун көтөрүү жана тарыхый мурастарды сактоого үндөө.
Ишке ашыруу форматы:
- Кыска метраждуу тарыхый видео-ролик;
- Узактыгы 3 мүнөт;
- Видеону документалдык, көркөм же аралаш формада тартууга уруксат;
- Сапаттуу сүрөт жана үн (4К же HD 1080рдан кем эмес);
- Креативдүүлүк;
- Жөн гана текст окуу эмес, көрүүчүнү тарткан ыкма болушу зарыл (кыска метраждуу тасма же сюжет, инфографика, хроника, драма элементтери ж.б.);
- Жеткирүү форматы: 4К, MP4, Full HD.
Сынакка катышуучулардын шарттары:
- Ар бир катышуучу бир гана видео-ролик тартууга укуктуу;
- Жаш курагы чектелбейт;
- Видео роликтин маанилүүлүгүнө, жана сапатына көңүл бурулат;
- Баардык көрүүчүлөргө жеткиликтүү болууга тийиш;
- Колдонулган музыка, сүрөт, видео кадрлар автордук укуктарды бузбоого тийиш.
Жеңүүчүлөрдүн видео-ролиги Ош шаарынын аймагындагы ЛЕД экрандарга жарыяланат.
- I орун - 100 000 сом;
- II орун - 70 000 сом;
- III орун - 50 000 сом;
- кызыктыруучу сыйлык (3 адамга) - 10 000 сомдон;
- Активдүү катышкан катышуучулар ыраазычылык баракча менен сыйланат.
Табыштамаларды кабыл алуу 20-сентябрдан 3-октябрга чейин Ош шаарынын маданият башкармалыгында болот. Дареги Ош шаары, Курманжан датка көчөсү 107, Ош шаардык маданият башкармалыгы.
Сурап билүү телефондору: (996 707 58 95 73).
Email: Oshculture@mail.ru
Табыштамаларды көрсөтүлгөн дарекке жеткирип же электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүздөр болот. Кабыл алынуучу документтер: Күбөлүктүн же болбосо паспорттун көчүрмөсү, видео-роликтин аталышы жана байланыш номери.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















