Күрөш федерациясы Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгына айтылган сындарды четке какты
Өлкөнүн Күрөш федерациясы Хорватиядагы Дүйнө чемпиондугунда балбандардын көрсөткөн жыйынтыгын чоң жетишкендик деп билдирди.
Федерация 9 айдын ичинде жаңы машыктыруучулардын кол алдында катышкан жаш балбандар жакшы жыйынтык көрсөтүшүп, медаль менен кайтканын белгилейт.
"Грек-рим күрөшүнөн Акжол менен Жоламан катышкан жок. Ага карабастан тажрыйбасыз деп эсептелген балдар чоң жетишкендик көрсөтүштү. Асандын 87 килограмм салмакта дүйнө чемпионун утуп, коло алышы өзүнчө эле сенсация десек болот. Мурунку машыктыруучулар 8 жылда бир медаль алып келишсе, азыркы курамдын 9 айда эле медаль алып жатышы – бул прогрессти айдан ачык көрсөтүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курамынын Дүйнө биринчилигинен бир медаль менен кайтып жатканын сындагандар болуп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















