super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу комплекс курулат

 
Бүгүн, 22-сентябрда борбордун түштүк бөлүгүндө көп функцианалдуу комплекстин салтанаттуу түрдө мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдириди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 40 кабаттуу "Хан-Теңири" аталышындагы мунара курулат. Бул жаңы доордун башталышы жана өлкөнүн чоң максаттарга умтулуусунун белгиси болуп саналат.
Салтанаттуу иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, курулуш министри Нурдан Орунтаев жана бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
"Азыр Кыргызстанда 100 метрден өйдө бийиктиктеги имараттар курулуп жатат. Эки жылдан бери байкоо жүргүзүп, анын негизинде андан ушундай жыйынтыкка келдик. Учурда кытайлык инвестордун 40 кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгү бар. Негизи республикада бийиктиги 27 кабаттуу имараттар бар жана 35 кабатка чейинки объектилер курулуп жатат, эми 40 кабатка жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп отурат. Ал эми куруучулар үчүн башкы талап – бул толук экономикалык өз алдынчалык жана сейсмикалык коопсуздук нормаларын сактоо, анткени өлкө сейсмикалык активдүүлүгү 8 баллга чейинки аймакта жайгашкан", - деп билдирди Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине берген маегинде.
Белгилей кетсек, "Хан-Теңири" борбордун түндүгүнөн Абсамат Масалиев проспектисине, чыгышынан Токтоналиев көчөсүнө жакын жайгашып, батыш тарабына жаңы жол салынат. Бул долбоор-жаңы доордун символу, Кыргызстандын архитектуралык сыймыгы жана дүйнөгө өлкөбүздүн ачык-айкын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн ири иш-чара.





Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу комплекс курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: