Депутаттар 17-апрелди даталуу күн кылууну сунушташты
Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Чоңдорго билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө" парламенттин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова белгилегендей, токтом долбооруна ылайык 17-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Чоңдорго билим берүү күнү деп бекитүү сунушталууда.
"Үзгүлтүксүз окуу жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек", - деген Мамашова токтомдун алкагында Министрлер кабинети жарандар үчүн тиешелүү иш-чараларды, семинарларды жана окуу курстарын өткөрүшү керектигин кошумчалады.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Элдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Айсулуу Мамашова, Гүлкан Молдобекова, Жумабек Салымбеков.
Белгилей кетсек, өлкөдө 1-сентябрь – Билим күнү катары белгиленип келет.
Депутаттар 17-апрелди даталуу күн кылууну сунушташты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















