super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Кеңеште психологиялык кызматтарды жарнамалоону чектөө мыйзамы жактырылды

 

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун депутат Илимбек Кубанычбеков тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, кесиптик стандарттарды сактоого жана мүмкүн болуучу зыяндын алдын алууга багытталган тийиштүү билими жок адамдар тарабынан психологиялык кызматтарды жарнамалоону чектөө максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Гүлсүнкан Жунушалиева мыйзам долбоорун колдоп, ак ниетсиз психологдор менен экстрасенстерден жабыркагандардын саны өсүп жатканын жүйө келтирди. Ал эми Элдар Абакиров психология тармагындагы кадрлардын тартыштыгына токтолуп, өзгөчө мектептерди жетиштүү сандагы психологдор менен камсыз кылуу маселесин ортого салды. Эл өкүлү Аида Исатбек кызы укук коргоо органдарын алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Илимбек Кубанычбеков, Советбек Рустамбек улуу, Бакытбек Марипов демилгелеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: