Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөргөн делип 25 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлерине кол көтөргөн деген шек менен 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 22-сентябрда саат 02:50дө Каралаев көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайдын жанынан милиция кызматкерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен) менен кылмыш иши козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Бишкек милиция кызматкерине кол көтөргөн делип 25 жаштагы жигит кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















