super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Мектептерге гимназия, лицей макамын кайра кайтаруу сунушталууда

 

Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мектептерге лицей, гимназия макамын кайтарууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Бактыяр Калпаев лицей, гимназия макамдарын жоюу туура эмес болгонун белгиледи.

"Реформа жасаганда арттагы мектептерди алдыңкы мектептерге теңөө аракетин көрүш керек. Гимназия, лицей макамы алынгандан кийин көп мугалимдер менчик мектептерге кетип калышты. Мыйзам долбоорду алып чыккандан кийин министрлик кийинки жылдан кайра алып келебиз деп жатат", - деди ал.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоп, гимназиялар менен лицейлерди жоюу чечими билим берүү тармагына терс таасирин тийгизгенин белгилешип, бул окуу жайлар билим берүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп келишкенин жүйө келтиришти. Жыйынтыгында долбоор жактырылды.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев, Надира Нарматова, Айгүл Айдарова, Миргүл Темирбаева, Равшанбек Рысбаев, Айжигит Тыналиев тарабынан демилгеленүүдө.

Эске салсак, былтыр Билим берүү жана илим министрлигинин (учурдагы Агартуу министрлиги) демилгеси менен мамлекеттик мектептерден лицей, гимназия макамдары алынган.






Депутаттар мектептерге гимназия, лицей макамын кайтарууну сунуштоодо

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: