Элдар Абакиров МИК мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнчө кезек кылууну четке какканын билдирди
Депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнчө кезек каралбаганын билдирди.
Ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында МИКке 3 жолу өзүнчө кезек түзүү сунушу менен кайрылганын белгиледи.
"3 жолу тең артка кайтарышты. "Биз баарын бирдей карайбыз" дешти. "Мугалим менен дарыгерлерге өзгөчө кезек болбойт" деди. Көптөгөн депутаттар бул боюнча бир жыл аракет кылдык", - деди эл өкүлү.
Элдар Абакиров буга чейин бир нече жолу Мамлекеттик ипотекалык компанияда батир үчүн мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнчө кезек түзүүнү сунуштаган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев июль айында Ноокен районуна болгон иш сапарында МИКке дарыгерлерди, мугалимдерди биринчи кезекте үй менен камсыздоо тапшырмасын койгон.
Элдар Абакиров МИК мугалимдер менен дарыгерлерге өзүнө кезек кылууну четке какканын билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















