Жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу окуя боюнча түшүндүрмө берди (видео)
Социалдык тармактарда "Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу менмин" деген жигиттин видеосу тарап жатат.
Анда ал окуя жеңил унаа жасалып жаткан жолго эскертүү айтылганына карабай кирип келгендиктен болгонун айтат. Жигит ал кишиден жаман сөздөрдү укканын белгилейт. Анын айтымында, окуя болгон учурда жеңил унаада аны менен чырдашкан кишиден бөлөк адам болгон эмес. Жеңил унаа кызга таандык экенин кийин билишкен.
"Унаанын ээси болгон кызга 13 миң доллар бердик. Ал тосмо арыз жазып берди. Тиги бала менен да бүтүштүк. Азыр "Майда бейбаштык" беренеси менен сот иштери жүрүп жатат", - деди ал.
Эске салсак, 20-сентябрда шаардын Калинин менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде экскаватор айдоочусу жеңил унааны талкалап салган факт катталган. Милиция ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.
Жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу окуя боюнча түшүндүрмө берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















