super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Парламент чындап таркайбы? Депутат Бакасов шайлоочуларына отчёт берип, кийинки шайлоого ат салышарын жарыялады 

 

Депутат Улан Бакасов Жогорку Кеңеш таркаса, кийинки парламенттик шайлоого катышарын билдирди.

Ал бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бул мөөнөтүндө жасаган иштери тууралуу шайлоочуларына отчёт берди.

"Урматтуу кесиптештер сиздерге ыраазычылык билдирип кетким келет. Себеп дегенде таркап кетишибиз мүмкүн. Сиздер менен 4 жыл бирге иштедик, көптөгөн мамлекетибизге пайда алып келе турган мыйзамдарды кабыл алдык", - деген эл өкүлү Нарын шаары, Нарын району жана Ат-Башы районунда бир катар иштердин аткарылышына себепкер болгонун белгилеп, аларды тизмектеди.

"Кийинки шайлоодо сиздер колдоп, мандат алып берсеңиздер мындан да көп эмгек кылып бермекчимин. Шайлоо боло турган болсо сөзсүз барам", - деп жыйынтыктады Бакасов.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөнү айтылып, эл өкүлдөрүнөн кол топтолуп жаткандыгы маалым болгон. Көп өтпөй 32 эл өкүлү кол койгону кабарланган. 17-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу демилге тууралуу түшүндүрмө берген.






Депутат Бакасов шайлоочуларына отчёт берип, кийинки шайлоого ат салышарын жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: