Агартуу министри билим берүү тармагындагылардын маянасы 2 баскыч менен көтөрүлөрүн айтты
Агартуу министри Догдуркүл Кендирабева билим берүү тармагында иштегендердин айлык акысы 2026-жылы апрелде жана октябрда 2 баскыч менен көтөрүлөрүн билдирди.
Ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин "бала бакчаларда эмгектенгендердин маянасы качан көтөрүлөт" деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Бүтүндөй билим берүү тармагында иштегендердики 2 этап менен көтөрүлөт. Анын ичинде бала бакчаларда иштегендердики да. Алар да билим берүү мекемелеринин кызматкерлери болуп эсептелинет" - деди Кендирбаева.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров кийинки жылдын апрель айынан тарта мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөрүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















