Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды (видео)
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Жапаровду Жон Кеннеди атындагы эл аралык аэропорттон АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-сентябрда президент БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.
Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат. Мындан тышкары БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.
Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















