Жапаров Нью-Йоркто Улуу Британиянын экс-премьер-министри Тони Блэр менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Президент Тони Блерге Кыргызстандын улуттук келечектүү долбоорлору жөнүндө айтып берди. Буга удаа бюрократиядан арылуу жаатында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Глобалдык өзгөрүүлөр институту тарабынан сунушталган бюрократиядан арылуу боюнча сунуштар каралып жаткандыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Тони Блер мамлекеттик башкарууну модернизациялоо, экономиканы өнүктүрүү, санариптик технологиялар, билим берүү жана башка маселелер боюнча өкмөттөргө консультациялык колдоо көрсөткөн Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
"Өкмөттөр үчүн эң татаал нерсе - сөздү ишке ашыруу. Стратегиялык пландар адамдар сезе турган реалдуу өзгөрүүлөргө айланышы маанилүү",- деп белгиледи Тони Блэр.
Ал Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан кадамдарды жогору баалап, өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө, мамлекеттик башкаруу системинин жакшырышына дыкат көз салып жатканын белгиледи.
Тони Блэр бюрократиядан арылуу, туризм, инвестиция жана банк иши жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.
"Тараптар эксперттик диалогду улантууну жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн биргелешкен демилгелерди баштоо мүмкүнчүлүгүн кароону макулдашты",- деп билдирди президенттик администрация.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















