super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө жеке жактарга өтүп кеткен объект мамлекеттин балансына кайтарылды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын "Эмгек жана эс алуу лагери" мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын баса сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал мурда жеке жактар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

"Мурдараак Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун Полевое айылындагы Ленин атындагы "Эмгек жана эс алуу лагерин" 3,22 гектар жер тилкеси жана имараты менен бирге жеке менчикке өткөрүп беришкен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында менчик ээси социалдык объектке өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Аламүдүн районунун Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди",- деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: