super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстандын бал аарычылар ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү (фото)

 
Кечээ, 22-сентябрда Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында Өзбекстандын бал аарычылар ассоциациясынын өкүлдөрү менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жолугушууда Токтогул тоо балын Өзбекстанга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, логистика борборун куруу, балды таӊгактоо, сапаттуу бал өндүрүү маселелери талкууланып, Кыргызстандын Аарычылар палатасы менен Өзбекстандын бал аарычылар ассоциациясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле атайын уюштурулган жарманкеде Токтогул районунда өндүрүлгөн балдын түрлөрү көрсөтүлдү.
Жолугушууга Кыргызстандын Аарычылар палатасынын мүчөлөрү, “Кетмен-Дөбө бал аарычылар биримдиги”, “Муз-Төр” ААКсы, Токтогул токой чарбасы жана башка балчылар катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: