ХАМАС 60 күндүк ок атышпоого АКШдан кепилдик сурады
Палестиналык ХАМАС кыймылы АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына кат жолдоп, Газада кармалып турган барымтадагылардын жарымын бошотууга алмашуу шарты менен 60 күндүк ок атышпоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Fox News жазды.
Маалыматка караганда, ХАМАС америкалык лидерден ок атышпоого кепилдик берүүнү суранып, катты ушул жумада Трампка жеткирүү пландаштырууда. 15-сентябрда Израил армиясы Газаны басып алуу максатында күчтүү чабуул баштап, массалык авиациялык сокку ургандан кийин шаардын ичине танктар киргени кабарланган.
Израил армиясынын башкы штабынын жетекчиси Эяль Замир жана атайын кызматтардын жетекчилери премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга бул операциядан баш тартууну сунуштап, ал барымтадагылардын өмүрүнө коркунуч жаратып, армиянын оор жоготуусуна алып келерин эскертишкен. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки жылга жакын убакыттан бери уланып жаткан согуштан 65 миңден ашуун адам каза болгон.
Эске салсак, өткөн аптада БУУнун комиссиясы Израилди Газадагы палестиналыктарга каршы геноцид жасады деп бүтүм чыгарды, Израил бул жыйынтыкты "бурмаланган жана жалган" деп четке какты. 21-22-сентябрда Улуу Британия, Канада, Австралия, Португалия, Франция, Бельгия, Монако, Мальта жана Люксембург Палестинаны мамлекет катары тааный турганын жарыялашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















