Бишкекте Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форуму башталды
Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Борбордук Азия мамлекеттеринин "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер" аттуу III Парламенттер аралык форуму башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстандын Жогорку жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Рустам Эмомали жана Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда.
Ал эми Түркмөнстандын атынан аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев келди.
Тараптар форумдун алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулай тургандыгы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстанда, ал эми 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















